Мейли тагдыр мага башың ийбегин
Мейли тагдыр мага жарык тийбесин
Бул жашоомдо турсун жарык күн тийип ай
Медер туткан ата-энеме тийбегин
Мейли тагдыр өкчөп-калчап бийлегин
Мейли тагдыр камыр кылып ийлегин
Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын
Суранаарым балдарыма тийбегин
Андан өткөн мага байлык бакыт жок ай
Суранаарым жакыныма тийбегин
Биртууганым бир боорума тийбегин
Мейли тагдыр мага башың ийбегин