Кетпе жалгыздыкка мени салып
Түгөнөмүн шамдай тамып
Кетпечи жанымдан Жанып
Күндөр өтөт сага чалып
Чалам дароо алчы телефонуң
Кечир мени мен баягы эле келесоомун
Биздин махабаттын билем болбойт соңу
Кылыктарың менен билгин бул омүр өтөт сонун
Сүйүү-бул сен жүрөктү Жылуу кыл сен
Күйүү-бул сен бир замат өчүргүн сен
Сен жок оттой алоологон сезимдерди
Сезчи сенсиз кандай жүрөк эзилгенин
Билем мен ардайым сага кезигерим
Бирибизсиз жашай албаган биз эгиздербиз
Жыттап жыттуу таттуу болгон ээриндериң
Жаткым келет өзүң менен көлдүн жээгинде мен
Кээде түшүнбөстүк болот экен тагдырда
Мага жаным жаман айтып ачуулукка алдырба
Урушсак биз андан күчөп тамчылады жамгыр да
Ишен жаным мен өзүңдү өлсөм дагы калтырбайм
Мага жиниңди келтирип турсаң дагы жагасың